Сапар Исаков төртүнчү ирет УКМКга суракка  келди (Видео)

Автор -
246

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кирип кетти. Ал мекемеге кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге «суракка чакырылганын 1,5 саат мурун гана билгенин жана мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканы» айтты.

Ушуну менен Исаков ЖЭБдеги иш боюнча УКМКга төртүнчү жолу суракка чакырылды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон.​