Депутат: Коомду тазалоочу КТРК азыр «кара кутучага» айланып калды

Автор -
293

Бүгүн, 6-июнь Жогорку Кеӊеш  КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угууда. Жыйындын жүрүшүндө Ата Мекен фракциясынын депутаты Садык Шер Нияз КТРКнын байкоочу кеӊешинин төрагасы Жыпар Жекшеевтин ишин сынга алды.

«Байкоочу кеӊеш жумушуӊарды так билбейсиӊер! Бир кезде КТРК «кара кутуча» аталып, каралоочу куралга айланганынан биз байкоочу кеӊешти түзүп, шайлаганбыз. Кээ бир учурда КТРК «кара кутуча» эмес космостогу «кара тешикке» жакындап калып жатат. Убагында Текебаевди, Исаевди жөнсүз каралап жатканда силер башынарды кумга катып унчукпай койгонсуӊар! Коомду тазалоочу КТРК азыр «кара кутучага» айланып калдыӊар»,-деди депутат.