Тоголок Молдо көчөсүнүн бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор -
210

Оңдоо иштерине байланыштуу 7-июндан тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальтбетонду оңдоо, тротуарларды, жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин аяктоо пландалууда.

«Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайбыз, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.