Турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерди камкордукка алган «Ак жүрөк» кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова сабалган аялдын денесинин сүрөттөрүн жарыялады.
Анда денесинин таза жери дээрлик калбай, көк ала так менен жаткан аялдын сүрөтү кызуу талкууланууда. Азырынча сабалган келин маалымат берүүдөн баш тартып жатат.
«Унчукпай коюууга такыр болбоду. Бизде аялдарга болгон зордук-зомбулук качан азаят же токтойт? Качан гана өмүр гүлү өчүп, оо дүйнөгө жөнөгөндө гана жогорку деӊгээлге чейин реакция кылабызбы? Бул сүрөттөгү келиндин абалындай абалды биз «Ак Жүрөк» кризистик борбордун шартында көп жолу күбө болдук. Өкүнүчтүүсү жарыялаганга мүмкүнчүлүк беришпейт, ал баарыӊарга түшүнүктүү, уялышат, коркушат, эртеӊки жашоосун ойлошот ж.б. мындай күйөө мырза сөрөйлөрдү эмне десек болот! Бая эле закондуу түрдө жооп бериш керек дейсиӊер, андан башка дагы кандай?»,-деп билдирди Асилбекова.