Жамангулов: Мамлекеттик эс алуучу жайларды иштете албасак, ижарага берели

Автор -
218

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов  быйылкы туристтик мезгилге даярдык төмөн деңгээлде экенин белгиледи.

«Туристтик мезгил башталды, биз ага даяр эмеспиз. Мамлекеттик пансионаттардын абалы да начар. Бир мезгилден 400-700 миң сом пайда менен чыгышууда. Бул бир күндө таба турган акча да. Ал жерге жетекчилер акча жеш үчүн эле барып жатышабы? Башка жеке менчик эс алуучу жайларды карасак, баары орду-орду менен, пайданы да көп табышат. Биз да мамлекеттик эс алуучу жайларды жакшылап иштетишибиз керек, иштете албасак, ижарага берели», — деди депутат.