Кыргыз-Тажик өлкөлөрүнүн чек арачылары ок атышпоо боюнча протоколго кол коюшту

Автор -
474

Кыргыз-Тажик өлкөлөрүнүн чек арачылары ок атышпоо боюнча протоколго кол коюшту.  Чек ара кызматынын маалымат катчысы билдиргендей, 6-июнда Тажикстандын Бустон шаарчасында Кыргыз Мамлекеттик чек ара кызматынын делегациясы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Биздин делегацияны Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жетектеп барды. Тажикстан тараптын делегациясын УКМКнын чек ара аскерлеринин жетекчиси Ражабали Рахмонали жетектеген. Эки тарап Кыргыз-Тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулап, соңку учурда чек арада чыр-чатактар көбөйгөнүн айтып, тынчсыздануулар болуп жатканын билдиришти. Ошондой эле 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында болгон окуя иликтөөгө алынары айтылды. Анда аскер адамдарынын аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонуна баа берилип, мындай окуяларды алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө эки тараптуу сөз сүйлөндү.

«Бул жолугушууда чек арада жаралган чыр-чатактар учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле жергиликтүү чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилигине эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келгенге чейин кандайдыр бир чара көрбөө талабы коюлду. Жолугушуунун аягында чечилген сүйлөшүүлөр боюнча макулдашуулар камтылган протоколго кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.