Президент Сооронбай Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Талас облусунун 1, Баткен облусунун 7 судьяларынын талапкерлигин кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуштар киргизилген. Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Баткен облустук сотунун судьясына 4 талапкерди, Талас облустук сотунун судьясына 1 талапкерди дайындоого макул болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ал эми Баткен облустук сотунун судьялыгына 3 талапкер боюнча материалдар Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылып берилди.
Натыйжада президенттин жарлыга менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан 8 судья кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктары токтотулду.
Дагы бир жарлыктын негизинде, Баткен облустук сотуна Аданбаев Зарипбек, Алибаев Бактыяр, Жороев Султангазы, Нарынбаев Таштанбек жана Талас облустук сотуна Боромбаев Мирлан жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалды.
Дайындалган судьялар Баткен жана Талас облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.