Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Орусияга барат

Автор -
268

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Орусиянын Москва шаарына барат.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.