Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов бул иш мыйзамсыз болууда деп билдирди.
Эске салсак, Исаковго 29-май күнү «коррупция» беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.