Бүгүн кыз-келиндерге карата жасалган зордук-зомбулукка каршы ак үйдүн алдында акция өтөт. Saat.kgге укук коргоочу Төлөкан Исмаилова айтып бергендей, алар бийликтен сот системасын реформа кылууну талап кылышат.
«Азыркы учурда сот капчыктуулардын кызыкчылыгына иштеп жатат. Буга далил катары ишкер Алканов 13 жашар кызга бачабаздык кылган. Кайрадан ал кыздарды түрмөгө каматып отурат. Бул соттордун сатылма экенин жана акча бардык нерсени чечип коё турганын далилдеди. Ошондой эле акцияда башка зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин маселеси дагы каралат”, — дейт ал.
Эске салсак, 2014-жылы ишкер Райкан Алканов Таласта өз үйүнөн бычакталган. Окуяга шектүү катары 15, 16 жана 24 жаштагы кыздар кармалып, Алкановго кол салды деген жүйө менен эркинен ажыратылган.






























