Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт тарабынан көңүл бурулбай жатканын айтып чыкты.
«Бир нече күн мурун Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар менен жолуктум. Алар памирликтерди жылуу кабыл алып, жардам берген Нарын облусунун тургундарына ыраазычылыктарын айтышууда. Мага түшкөн маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген памирлик үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү тууралуу убада берилип, бирок ал унутулуп калган. Албетте, ал үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга алып келген жакшы, бирок өкмөт тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындан улам 2 үй-бүлө кетүүгө ниеттенүүдө.Анда бүтүндөй өлкө уят болобуз», — деди депутат.