Ички иштер органынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдирди.
«Ички иштер органынын кызматкери маселени оң жагынан чечүү үчүн $4 миң доллар пара талап кылган. Бул боюнча Башкы прокуратура 313-берененин 2-пункту (пара алуу) боюнча кылмыш ишин козгоду»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми 270 миң пара берген жаранды Биринчи Май райондук соту иш тергелип бүткөнгө чейин камакка алды.