Бишкек шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Бакыт Дүшембиев аткарат. Ал мэр Албек Ибраимов 10-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө кеткенден кийин эле ордунда иштей баштаган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңештин 45 депутатынын 40ы кезексиз жыйынга чогулуп, калаа башчысы Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөткөн жок.