Акырындык менен экономиканын өзгөрүшү советтик убакта билим алган көпчүлүк адистердин башын катырып, кыйын кырдаалга кабылтты.
Эмгек базарындагы жаңы талаптардын пайда болушу алардын билимин, тажрыйбасын эч жерге жаратпай, жумуш табу көйгөйүнө кабылышты. Мындай адистер жана кесибинен башка кесипке да ээ болууну каалагандар үчүн окуу борборлору эң сонун мүмкүнчүлүк болуп эсептелинет.
Окуу борборлор жумушка аз убакыттын ичинде орношуу зарылчылдыгына тушуккан, а билим алууга көп жылын, анан да көп акчаны коротууну каалабагандарга пайдалуу. Кыска мөөнөттөгү атайылаштырылган курстардын программасы калоочулардын тандап алган предмети боюнча билим берип, же заманбап коомчулуктагы таңсык болгон кесипке үйрөтөт.
Мындай факторлор окуу борборлору популярдуу жана кирешелүү болоорунан кабар берет. Билим берүү кызматын көрсөтүү жаатына байланышкан бизнести ачуу тийиштүү лицензия алуудан башталат.
Окуу мекемесин лизенциялоо өлкөнүн билим берүү министрлиги аркылуу жүргүзүлөт. Толуктап айтканда, лизенциялоо процедурасы — бул лизенция берүүчү кызматка документтерди көрсөтүү жана алардын текшерүүсүнөн өтүүдөн турат.
Жыйынтыгында бул аракеттердин баары жасалгандан кийин окуу борбор профессионалдуу ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген документ алат. Белгилеп коюу керек, лицензия бере турган тараптын бардык талаптарынан өткөндөн кийин гана окуу борбору өз ишин баштай алат.
Лицензия алуу үчүн документтердин топтомун тапшыруу керек. Бардык документтер бир айдын ичинде каралат. Баса, сиздин окуу борборуңузга карата чыгарылган чечим кээде терс болуп, лицензия берүүдөн баш тартуулары да мүмкүн, анда шаабайыңызды суутпай, билим берүү программасын кайра иштеп, оңдоп- түзөп сунуштаңыз.
Окуу борборунун уюштуруу бизнесин баштоого ылайыктуу имарат менен эмеректер керектелет. Мындай учурда бизнес баштоо сапаттуу жана натыйжалуу болот. Окуу борбору адатта бир нече имараттарда орун алат, болбоду дегенде эки имаратты жок дегенде 10 адамды окутууга ылайыкташтыруу керек.
Окуу класстары жарык, таза жана комфорттуу болушу шарт. Эгер программа талап кылса, класстарда компьютерлер орнолтулат. Ошондой эле класстардын абалы санитардык — эпидемиологиялык кызматтын шартына да жооп берсин.
Дагы бир нече бөлмөлөрдү кабыл алуу, мугалимдер бөлмөсү сыяктуу кылып бөлүштүрүңүз. Керектүү бөлмөлөрдүн аянтын бириктирип, имараттын жалпы аянты 200 чарчы метрге жетиши керек деп эсептөөгө болот.
Окуу борборун уюштурууга ыңгайлуу жер табуу кыйын эмес. Башында иштеп аткан колледж, же жогорку окуу жайларына кайрылсаңыз болот. Ошол жактан окуу класстарын ижарага алуу келишиминин негизинде саатына пайдалана аласыз.
Андан тышкары, бул жерде керектүү техниканы да ижарага алуу мүмкүн. Эгер мындай издөө ийгиликтүү аяктаса, анда ишкер баштапкы чыгымын азайта алат. Класстарын ижарага берүүгө макул болгон окуу жайларын таппасаңыз, анда коммерциялык уюмдар менен кызматташууга туура келет, бирок алар имараттарды кымбат баада ижарага беришет.
Андан тышкары мындай коммерциялык имараттарда бөлмөлөр дээрлик бош берилет, ошондо чыгашанын көпчүлүк бөлүгү техника жана эмеректерди сатып алууга кетет. Ижарага алынган класстарга компьютерлер орнотуп, кароосуз калтырганда да коопсуз болушу үчүн сөзсүз сигнализация коюу керек.
Жакшы имарат менен мыкты уюштурулгандык окуу борборунун ишинин ийгиликтүү болушун камсыз кылат деп ойлоого болот.
Бирок, ийгилик андан да көбүрөөк борбордо кандай педагогикалык жамаат иштей турганынан да көз каранды. Бул эң бир пайдубал түптөөчү фактор — ал окуунун натыйжалуулугун, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын арттырат.
Орточо көлөмдөгү окуу борбор 3-6 чакты мугалимдерге, окуучунун кесипке жөндөмдүүлүгүн аныктай турган бир нече консультантка жана катчы менен бухгалтерге муктаж. Эмгек акы милдеттин көлөмүнө жараша, сыйлык иретинде же төлөмдүн тарифтик тутумунда болсо жетиштүү.
Окуу борборунун ишинин багытын так аныктоо зарыл. Бул билимдин ар түркүн тармагын камтыган универсалдуу окуу борборубу, же бир гана багытта билим берчү, мисалы, дизайн, программист, чач тарач искусствосу ж.б. — атайылаштырылган борборбу — так аныктаңыз. Бул жерде эмгек базарынын тенденциясына көңүл буруу шарт, учурда кандай кесиптерге таңкыстык көп болуп атканын байкоо керек.
Өтө таңкыстык жараткан жана келечектүү кесиптерге окууту тез эле кирешенин маанилүү булагына айланат да, окуу борборунун ээсинин чөнтөгүнө кытыраган акчалар түшөт.
Андан сырткары ийгиликтүү иштин кепилдиги кардарлардын туруктуу агымына байланыштуу, башкача айтканда, бир айда окуу борборунда кеминде 100 -150 адам билим алышы керек. Иштин мындай шарты жогорку кирешени камсыздап, 30 пайызга жеткирет.
Белгилей турган нерсе, окуу борборлору дайыма атаандаштыктын күчтүү кармашында кармалышы шарт. Алар колледж жана жогоркуу окуу жайларынын катарында иштешет, атаандаштары да ошолор, өзүңүз баамдагандай эле, мынай атаандаштар менен күрөштө жеңилбей кармануу абдан кыйын.
Бирок, окутуунун бийик билим берүү сапатын карманса, ишмердүүлүккө туура мамиле жасалса, базарда кармалып калууга толук шарт бар, окуу борбору акырындык менен өз ордун табат. Аны менен катар кызматтарды жетимдүү нарк менен сатуу керек, көпчүлүк каалоочулар окуу борборунда өз бюджеттерине оор залака келбегидей абалда окушсун.
Булак:presskg.com