Испанияда өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова алтын утту (Фото)

Автор -
290

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Grand Prix of Spain эл аралык турнирде алтын утту.

Белгилей кетсек, спорттук мелдеш Мадрид (Испания) шаарында 14-15-июль күндөрү жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөн.

Айсулуу Тыныбекова 59 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыгып, алгач АКШ жана Россиянын балбандарын жеңип, биринчи орун үчүн беттеште казак спортчусун утуп алган.

Жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Жакарта жна Палембанг (Индонезия) шаарларында өтөт.Айсулуу Тыныбекова

Самый лучший тренер на свете

A post shared by Айсулуу Тыныбекова (@tynybekova.aisuluu) on

Бөлүшүү