Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф АКШнын президенти Дональд Трампка жооп берди.
Зариф Твиттер аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, Трамптын акыркы билдирүүлөрүнөн таасирленбегендерин айтты.
«Таасирленген жокпуз: Дүйнө жүзү бир канча ай мурун катуу ызы-чууларга күбө болду. Ирандыктар көп маданияттуу болгондордон 40 жылдан бери бул ызы-чууларды угуп келе жатат. Биз миңдеген жылдардан бери барбыз жана айрым өлкөлөргө салыштырмалуу өмүрүн сактап калган өз империябыз менен катар көптөгөн империянын кулагандыгын көрдүк. Этият бол!»,-деп билдирди Жевад Зариф .
Ирандын президенти Хасан Рухани кечээки билдирүүсүндө АКШ башкаруучулугун коркутуп, Трамп да буга каршы Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө Руханини дагы бир жолу коркутпашы үчүн катуу сөздөр менен эскерткен болчу.