SAAT.KG сунуштайт: Дем алыш күндөрүнө 5 үй-бүлөлүк тасма (Видео)

Автор -

Saat.kg маалымат агенттиги сиздерге жагымдуу эс алуу каалоо менен бирге эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 5 мыкты үй-бүлөлүк тасманын тизмесин сунуштайт.
PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз.

«Чудо»

Эгерде оор жумуш күндөрүнөн кийин адамгерчилик кайда калды деп ойго батып жатсаӊыз анда «Чудо» тасмасын сунуштайбыз. Тасма 2017-жылы жарык көргөнүнө карабай көптөгөн мыкты ой-пикирлерди топтой алды. Кичинекей жүрөккө канчалык чоӊ сүйүү жана аруулук батарын мына ушул тасмадан көрө аласыз. Фильмди үй-бүлөӊүз менен көрүүнү сунуштайбыз.

«Копы в юбках»

Бул сенин жумушуӊ эмес, аял деген… Аял деген… Мына ушундай сөздөрдөн тажадыӊызбы жана чын дилиӊизден жылмайып, баардык түшүнбөстүктөрдү бир саамга унуткуӊуз келсе анда «Копы в юбках» тасмасын сунуштайбыз. Тасмада комедия менен бирге драма да камтылган.

«Обещать-не значит жениться»

Жеке жашооӊуздагы айрым катачылыктар, капачылыктар сизге кийинки кадамды таштооӊузга тоскоолдук болуп жатса дал ушул тасманы көрүӊүз. Анткени, комедиялуу тасма болгонуна карабай айта турчу көп ойду камтыган фильм.

Анан да сөзсүз түрдө бөбөктөрүӊүзгө «Фердинанд» жана ошондой эле «Тайна Коко» тасмаларын сунуштайбыз.

«Фердинанд» 

«Тайна Коко»

«Тайна Коко» Оскар киносыйлыгында эӊ мыкты анимациялык тасма деп аталган.

https://youtu.be/WEdHli4e_Sw