“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагнозу маалым болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-августта медициналык борбордо анын баш мээси, бел омурткасы текшерилди.
Ө.Текебевге коюлган диагноз:
— Аортанын жана жүрөк кан тамырлардын атеросклерозу (атеросклероз — кан тамырлардын кандайдыр бир бөлүгүн холестерин жана май басып, кандын жүрүүсүнө тоскоол болот);
— карынчанын экстрасистолдук аритмиясы (аритмия — жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу);
— 2-даражадагы жогорку кан басым;
— калкан безинин зобу, эутиреоз (эутиреоз — бездин көлөмүнүн чоңоюшу).
Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.
Эске салсак, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан.