9-август күнү саат 02:19да Кытай Эл Республикасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, термелүү Кыргызстанда да сезилди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.