ӨКМ: Нарын суусуна чөгүп кеткен 30 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда

Автор -

Бүгүн, 2018-жылдын 9-августу күнү Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылат.

«Нарын  суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Издөө-куткаруу отрядынан 3 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын  суусуна 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.