Чолпон-Атада туристтерди тоногон эки адам кармалды (Сүрөт)

Автор -

Чолпон-Ата шаарында уурулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун тургундары кармалышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Көмүскөдөгү жай» жана «Нелегал» операцияларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынан келип, эс алып жүрүшкөн жарандардын өздүк мүлктөрүн уурдаганга шектелишип, Нарын облусунун тургундары 36-жаштагы Т. уулу Жумгалбек жана 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалышты.

Белгилеп кетсек, 23-июлда Ысык-Көл РИИБне Өзбекстан Республикасынын жарандары 60-жаштагы Долорес Кан, 62-жаштагы Екатирина Ли жана 51-жаштагы Инна Кан арыздар менен кайрылышкан. Жабырланычуу адамдардын көрсөтмөсүндө, алар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Персона» жеке менчик эс алуу жайында эс алып жүрүшкөн. Көлгө түшкөнү кетишкенде, белгисиз адамдар коттеджде кишинин жоктугунан пайдаланышып киришип, эки «Самсунг А5», «Самсунг С4» уюлдук телефондорун, эки айпадын жана 660 АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 164 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 15 күндөн кийин уурулука шектүү адамдар кармалышкан.

Кармалган шектүүлөр Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана кылмыштуу тобунун мүчөлөрү башка жасалган уурулуктарга, жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан текшерилүүдө.

Подозреваемый ЖумгалбекПодозреваемый Жумгалбек