III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эл аралык айтыш сынагы болуп өтөт

Автор -
284

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык «Айтыш-2018» төкмө акындардын сынагы өтөт. Бул тууралуу республикалык «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төкмө акындардын айтышынын жалпы байге фонду 2 миллион сом.

«Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтышат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат»,-деп айтылат маалыматта.

Тандоо туру 15-августта саат 10:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт.