2018-жылдын 10 – август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.
Кызды издөө саат 8:30да башталып, куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.