Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 11:28де милиция кызматына телефон чалуу болгон. Алар Исанов көчөсүндөгү үйдүн жанында жарылуу болгонун билдиришкен.
Айтылган дарекке Биринчи май РИИБдин, ИИМ жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жөнөтүлдү. Учурда ошол аймак курчоого алынып, эксперттер менен адистер иштеп жатышат.
Ал эми күбөлөрдүн айтымында Александр Гайдуков аттуу орусиялык ишкерге кол салуу болгон.