Учурда көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан жаңы типтеги тайгазанды куруу сунушу болуп жатат. Тайгазандын куруу демилгесин көтөргөн жаш архитектор Бекжан Шыгаев жаңы тайгазан тууралуу айтып берди.

Мурдагы тай казандын көрксүз болгону менин жаңы тайгазан ойлоп табуума түрткү болду. Өзүңүздөр билгендей быйыл көчмөндөр оюндары масштабдуу деңгээлде өткөнү турат. Кыргызстанга кеминде кырк өлкөдөн коноктор келет, ал эми көчмөндөр оюндарынын көзгө басары көк бөрү эмеспи. Тай казандын бетине чапталган дөңгөлөктөр чындыгында өтө көрксүз көрүнөт жана биздин нукура баалуулуктарыбызга дөңгөлөктүн кесиги аралашып кетүүсү жакшы көрүнүш эмес деп эсептейм.

Тайказандын диаметри (түбү) 4,5 м, бийиктиги 1,2 м, чөйчөгү 0,5 м. Кошумча тайказандын этегин 20 см тик кылып, жогору көздөй конус абалда жантайып кетет. Этегин 20 см тик кылганымдын себеби, ат тай казандын бетиндеги шырдакты сыя баспоо үчүн жана чылага малынбаш үчүн кылдым. Негизинен, стандарттык бир өлчөмү болбогондуктан, ар ким ар кандай салууда. Мен ошону бир тартипке келтирүүнү сунуштап жатам.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

Мен сунуштаган тайказан бир жерге курулбайт. Иш чаралар Ысык-Көлдө, Соң-Көлдө же Суусамырда болсун, жүктөп барып коюп алып көк бөрү тарта бергендей көчмө болот. Тай казандын ички түзүлүшү бышык 10 см калыңдыктагы желим (резина) бачок болот (эки бөлүк). Алып барганда ичине болжол менен 7 кубдун тегерегиндеги кум салынат. Ал нык болгондуктан, калың резина айрылбайт жана иш-чара бүткөндө кумду төгүп салып жеңил-желпи көчүп кеткенге ыңгайлуу. Ал эми үстүнө булгаары жабылат. Булгаары айрылып кетпеш үчүн артына кийиз коюлуп, шырылса эч нерсе болбошун атайын адистер айтууда. Негизгиси улакчы жабыркабаш үчүн булгаарынын алдына өтө жумшак эмес, өтө катуу эмес желим төшөлөт. Тайказан топурактан же темирден жасалса адам өмүрүнө залалы тийип калышы мүмкүн. Мисалы, жакында эле бир улакчы тай казанга жыгылып, боору жарылып кеткен. Кудай жалгап аман калды. Көчмөндөр оюндарында өлкөнүн намысы корголуп жаткандыктан, улакчыларыбыз жашоосун арнап коюшу мүмкүн. Ошол себептен максималдуу түрдө тайказанды коопсуз кылуу керек.

Сүрөт: saat.kg

Сүрөт: saat.kg

Бул тайказан кадимки тайказандан баасы кымбат болушу мүмкүн, бирок улакчынын өмүрүнөн кымбат эмес. Ал эми капталына кыргыздын орнаменти түшүрүлгөн шырдак жабылат. Шырдакты ат сыя басып айрыбаш үчүн артына бышык таар коюлуп шырылат.

Шырдак аттын бутуна чалынып же кирдебеш үчүн жерден 20 см көтөрүлүп турат. Мындай тай казанды жогорку деңгээлдеги иш-чаралага гана колдонулушун сунуштайт элем. Менимче, тай казандын кооздугуна көңүл бөлүп, келген конокторго өзүбүздүн баалуулуктарыбызды таанытышыбыз керек.