Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
“Ак илбирсти бир топ позитивдүү меймандос, тынчтыктын жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик. Сүрөт үстүндө иштөөдө биз бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын талисмандарынан түрткү алдык” – деп белгиледи III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образынын автору — көркөм-коюучу, режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылган делегацияларга, конокторуна меймандостугун жана сый көрсөтүү белгиси катары кыргыз тараптан сувенирлер тартууланат.
«Ак илбирс Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин желегине жана гербине символ катары түшүрүлгөн. Азыркы колдонуудагы Бишкек шаарынын герби 1991-жылы бекитилген жана чептин тик бурчтуу көлөкөсүндө, тоо астында баш тамгалар менен “БИШКЕК” деп жазылган, анын үстүндө тегерекчеде ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, дүйнөдө ак илбирстин саны болжолду 3 миңден 7 миңге чейин болууда. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Белгилүү болгондой ак илбирстин жашаган жерлери Кыргыз Республикасынын баарды региондорун камтыйт, булар Тянь-Шаня тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жана Туркестан тоо кыркаларында).