Азия оюндарында 43 жаштагы өзбекстандык спортчу күмүш медаль алды

Автор -

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында өзбекстандык 43 жаштагы Оксана Чусовитина спорттук гимнастиканын кол тиреп секирүү түрү (vault) боюнча күмүш медал алды. Алтынды Түштүк Кореянын 16 жаштагы спортчусу Се Жинг Е тагынды.

Өзбекстанда туулган Оксана Чусовитина 1992-жылдагы Барселона Олимпиадасынын чемпиону, 1991-жылы дүйнө чемпиону болгон. 2002-2006-жылдары Германиянын атынан мелдештерге катышса, 2007-жылы Өзбекстанга кайра кайтып келген.

Учурда жалпы медалдык эсепте Өзбекстан курамасы төрт алтын, жети күмүш жана сегиз колосу менен сегизинче орунда келатат. Казакстан болсо эки алтын, алты күмүш жана 17 коло медаль менен 12-орунда.

Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда төрт күмүш жана беш коло медаль бар. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү жалпы командалык рейтингде 19-орунга жайгаштырды.