Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрда кезектеги ишин баштайт

Автор -

Жогорку Кеңеш 4-сентябрда жумушка чыгышат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Конституциясынын 77-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

28-июнда эл өкүлдөрү акыркы жыйынга чогулушкан. Кийин 1 ай бою шайлоочулар менен жолугушуп, кийинки айда эс алууга чыгышкан.