Бишкек шаарында 28-августтан тарта жаңы №6 троллейбустук каттам пайда болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы троллейбус 8-кичи райондон тарта Батыш автобекетине чейин жүрүп, жалпы 20,7 км жолду басат. Бул каттамда жалпы 11 троллейбус 8-9 мүнөт аралык менен каттайт.
Бишкектеги коомдук унаалардын бири болгон троллейбустардын айдоочулары 2 мөөнөт менен иштешет жана жалпысынан 126 троллейбустук каттам бар.
«Унаалардын санитардык абалына да өзгөчө көңүл бурулууда. Күн сайын эртең менен жана түшкү тамактануу учурунда троллейбустар тазаланып турат», — деп айтылат маалыматта.