Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.
31-август күнү өтө турган майрамдык иш-чаралардын тизмеси:
Саат 09: 00до Мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюу аземи . Ош шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, бөлүм башчылар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, легендарлуу парламенттин депутаттары , ардагерлер, тургундар жана жаш активисттердин катышуусунда мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө салым кошуп саясий ишкерлер эскерилет.
Саат 10:00дон тарта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын белгилөөгө арналган театралдаштырылган маданий-массалык оюн-зоок иш-чарасы өтөт.
Саат 11:30дан баштап С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянты майрамдык жарманке башталат.
Ага улай эс алуучулар үчүн улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш болот.
Саат 12:00дон баштап «Алымбек-Датка» этно-комплексинде «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында «Жапалак аймактык Башкармалыгы уюштурган «Ааламга жол айылдан башталат» аттуу фестиваль башталып, Айыл-чарба жарманкеси, «Боорсок» фестивалы, «Сармерден» кыз-жигит оюну уюштурулат. Ошондой эле, «Кыргыз каадасы» улуттук тамак-аштары
Саат 19.00до кайрадан борбордук аянтта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 27 жылдыгына арналган Гала-концерти тартууланат.