Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.
«Күз-кыш мезгилиндеги өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл»,-деп эскертет ӨКМдин маалымат кызматы.
Өрт коопсуздугунун сактоо эрежелери:
— ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөгүлө;
— бузук мештерди жана морлорду колдонбоңуздар;
— от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;
— колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбоңуздар;
— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
— балдарды кароосуз калтырбагыла;
— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүӊүздү өрттөн алдын аласыз.