КСДП Саясий Кеңешинин 29-августта болуп өткөн отурумунда партиянын Жобосуна, максаттарына жана милдеттерине каршы келген иш-аракеттери үчүн Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саясий кеңештин атынан КСДПнын Жогорку Кеңештеги депутат мүчөлөрүнө Кожобек Рыспаевди парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы кызматынан чакыртып алуу сунушталды.
“Кожобек Рыспаев КСДПнын уставынын 2.8.-бөлүгүнө ылайык партиянын негизги максаттарына, милдеттерине жана уставына каршы иш кылгандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылат”, – деп айтылат маалыматта.