Бишкек шаарында гемодиализ кызматын алган бейтаптар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Бөйрөк оорулуу бейтаптардын талабы жогорку сапаттагы дары-дармектер экенин баса белгилешти.
Алар SAAT.KG маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлиги сатып алган “Репоэтин” каражатын колдонуудан кооптонуп жатышканын билдиришти.
Бейтаптар буга чейин колдонуп келген, ушуга окшош “Репретин” каражатынан улам бейтаптардын абалы начарлап кеткенин жүйө келтирип жатышат.