«Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды»,-деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Үмөталиев көчөсүнүн Москвадан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 15-октябрга чейин оңдоо иштери жүрөт. Аталган тилкеге жаңы асфальт төшөлүп, бордюр коюлат.
Айдоочуларга жолду Турусбеков жана Калык Акиев көчөлөрү аркылуу айланып өтүү сунушталат.
Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.