Гимнди туура эмес ырдаган Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Гимн – кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткаруу милдетин алам”, — деген кайрылуусунда Тулендыбаев.
Кечээ, 4-сентябрда депутат Пархат Тулендыбаев «Апрель» телеканалына маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган.