Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 50 млрд 726,6 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 100,9 %га аткарылып, 442,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 943,3 млн сомго же 10,8 %га жогорулаган.
Ошону менен бирге, август айында 7 млрд 221,1 млн сом суммасында салыктар чогултулду. Аткаруу 102,6 %ды түзүп, 181,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Салыктарды чогултуу 2017-жылдын август айына салыштырмалуу 795,1 млн сомго же 12,4 %га жогорулаган.