Самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону бычакталып көз жумду

Автор -

КРнын самбо боюнча чемпиону Бекзат Жаныбеков Бишкекте бычакталып каза болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Б.Жаныбеков Бишкек шаарында жүргөн учурда 1985-жылы туулган жигит менен пикир келишпестик жаралып, ал Бекзатка бычак сайып жиберген.

Спортчу жаракат алган абалда 2018-жылдын 3-сентябрында борбордун Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.

Учурда шектүү 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну А.Б. кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө.Картинки по запросу Бекзат Жаныбеков