Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө жана Ош шаарынын күнүнө карата 15-16-сентябрда массалык ишембилик өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар, студенттер катышат.
«Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген ниети бар бардык жарандарды массалык ишембиликке чакырабыз! Таза үй, таза короо, таза жол, таза шаар таза коомду курат»,-деп айтылат маалыматта.