Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана
Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.