Бишкек шаарындагы №10 троллейбустук каттам узартылат

Автор -

Бишкекте №10 троллейбустук каттамды узартуу аракеттери көрүлүүдө.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына караганда, Москва көчөсүнүн Фучиктен Интергельпо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө байланыш тармагын куруу иштери башталды.

«Куруу иштеринин жыйынтыгы менен №10 каттамдын жолун 800 метрге узартууга мүмкүн болот. Куруу иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.