ЖЭБдин директору: Кышында ЖЭБде авария болбойт деп кепилдик берүү кыйын

Автор -

Кече, 13 –сентябрда калаа мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Жыйында ЖЭБдин директору Андрей Воропаев бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарынын ЖЭБи кыш мезгилине болжол менен 70 пайызга даяр экенин айтып чыкты.

Ошо менен бирге Воропаев билдиргендей, кышында ЖЭБде авария болбойт деп кепилдик берүү кыйын.

“Кепилдик берүү кыйын, мен бул боюнча бир нече жолу айтканмын, бирок ошентсе да айта кетүүчү нерсе эртең станцияга 57 жыл болот. 57 жыл аралыгында мындай авария биринчи жолу болду. Ошондуктан мен мындай аварияга башка жол бербейбиз деп ойлойм. Анын үстүнө бул авария персоналдын күнөөсү менен болгон”, — деп билдирди Воропаев.

Белгилей кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.