Өкмөт башчы Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн сунуштады

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке министриликтерге жана өндүрүш комитети, энергетика жана тоо-кен иштетүү комитеттеринин жетекчилерине талапкерлерди сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы юстиция министрлигине Марат Жаманкуловду сунуштады. Талапкер учурда Конституциялык палатада төраганын кеңешчиси болуп иштейт. Мурдагы министр Айнур Абдылдаев август айында кызматын тапшырган.

Министрлер кабинетинин аппаратын жетектөөгө Шамильбек Асымбековдун талапкерлиги сунушталды. Учурда ал өкмөттүн аппаратында эмгектенет. Мурдагы аппарат жетекчи Мурат Мукамбетов 8-августта кызматынан бошотулган.

Тоо-кен иштетүү мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине Эмил Осмонбетов сунушталды. Ал буга чейин «Кыргызалтын» директорлор кеңешинде мүчө болгон.

Комитеттин мурдагы жетекчиси Уланбек Рыскулов сентябрдын башында кызматынан аылнган.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык талапкер парламентте 18-сентябрга чейин каралышы керек.