Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча 2018-жылдын 20-сентябрында чек арачылар “Манас-аэропорт” КӨП жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө далалат кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.
Эл аралык “Манас” аэропортуна Стамбул-Бишкек 702 рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кызматы бир аз жасалма паспорт, тактап айтканда паспорттогу сүрөтү алмаштырылган 1971-ж.т., Ж.И., аттуу Кыргызстандын жаранын аныкташкан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.