19-сентябрда Багдад шаардык соту тогуз тажикстандык аялдын ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгон жана согушкерлерге турмушка чыккан деп айыпталган.
Тажикстан өкмөтүндөгү булактардын кабарлашынча, соттолгон аялдардын көбүнүн кичинекей балдары бар. Учурда алар Багдаддагы балдар үйлөрүнө жайгаштырылган.
«Эгер алар макулдугун берсе, анда тажик бийлиги балдарды мекенине кайтарууга аракет кыла баштайт», — деди ал.
Багдад шаардык сотундагы документтин көчүрмөсүндө соттолгон аялдардын аты-жөнү жазылган: Лутфия Иззатулло Абдулло, Таманно Каримова Холахмад, Сафаргул Набиева, Мадина Ашраф Курбон, Хадича Файзиддинзода, Ирода Раззок Холик Содик, Оиша Шербекова, Зухро Зохир Мухаммад, Зебо Джонаки Саидова.
Иракта жарандары соттолгондугу тууралуу маалыматты тажик бийлиги да ырастап, аларга мекенинде «жалданмачылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.
19-сентябрдагы сот отурумуна катышкан ирактык журналист Умар Кариминин маалымдашынча, өкүм чыккан учурда төрт аял бакырып ыйлаган, калгандары чечимди унчукпай кабыл алышкан.