Аба ырайы: Бийик тоолуу райондордо кар жаайт

Автор -

22-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл, Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19.

Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…12, күндүз 16…21,

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт.  Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус.