Өзгөндө үй-тиричилик техникаларын саткан дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Автор -
208

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Үй-тиричилик техникалары» дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.Кырсык

Маалыматка ылайык, 22-сентябры күнү саат11:42 чамасында Өзгөн шаарынын борбордук базарындагы тиричилик техникаларын сатуучу дүкөндүн жер төлөсүндө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин №103 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жер төлөнүн 49 чарчы метр аянты, 20 даана муздаткыч жана 1 даана кир жуугуч машина күйүп кеткен.Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.