Өзгөн районундагы жол кырсыгынан каза болгон айдоочунун аты-жөнү такталды

Автор -

Өзгөн районунда болгон жол кырсыктын кесепетинен каза болгон айдоочунун аты-жөнү такталды.  Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон айдоочу Куршаб айылынын 1989-жылы туулган тургуну Майрамбек Жолуев болгон.

Белгилей кетсек,  22-сентябрда саат 22:25 чамасында Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 31 жаштагы тургуну жүк ташыган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Ошол кезде  «Форд Мондеодон» өрт чыгып, күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен анын айдоочусу каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү