Мурдакы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал июнь айында Кыргызстандан чыгып кеткен.
Белгилей кетсек, кечээ 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду камакка алуу чечимин чыгарды. Ага жемкорлук беренеси менен сырттан айып тагылды.
Икрамжан Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон кезде жеке ишкерден 150 миң доллар пара алган деп айыпталууда.