Канадалык рэп аткаруучу клип тартып жатып, самолеттон кулап каза тапты (Видео)

Автор -
406

Белгилүү Канадалык рэп аткаруучу Джон Джеймс Макмюррей клип тартып жатып, самолеттон кулап каза тапты. Бул туурасында Huffpost Canada басылмасы жазып чыкты.

34-жаштагы Макмюррей көбүнесе өзүнүн клиптеринде колдонгон трюктары менен атактуулукка жетишкен.

Клип тартуу учурунда рэпер учуп бараткан самолеттун канатынан басып баратып, өзүн кармай албай кулап кеткен.

 «Джон тайгаланып кетип учактын канатын кармап турду, бирок, кое берген кезинде парашютту ачканга үлгүрбөй калды», — деп билдирди анын менеджерлери.

Ал лыжа тебүү боюнча профессионал спортчу болгон.