Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып, сот анын камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аягына чейин КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин чыгарган.